Токиодогу катуу ысыктан көп сандаган адам каза болду

Каза болгондордун саны 79 адамга жетти.

Япониянын борбор шаары Токиодо катуу ысыктын кесепетинен каза болгондордун саны 79 адамга жетти.

Улуттук маалымат каражаттары билдиргендей, Токиодогу Социалдык камсыздоо жана коомдук саламаттыкты сактоо бюросу катуу ысыктан каза болгондорго байланыштуу маалыматтарды жаңыртты.

Буга караганда, баш калаанын метрополиясында август айынын башынан бери катуу ысыктан 79 адам көз жумду. Алардын 70тен ашыгы 65 жаштан жогоркулар болгон.

Япониянын борборунда абанын температурасы июлдун аягынан бери 32ден 37 градуска чейин көтөрүлдү.

Комментарий жиберүү