Тунистин президенти өлкөлөрдү палестиналыктардын укуктарын колдоого чакырып, ал боюнча соодалашуу туура эместигин билдирди.
Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, президент Кэйс Сагыйд Тунистеги Палестинанын элчиси Хаэль аль-Фахум менен жолугушту деп кабарлады РТ каналы.
“Бул укук (палестиналыктардын укугу) базарда соодалаша тургандай товар эмес жана палестиналыктардын укуктарын коргоочу эркин адамдар боло беришсе, Палестина эч убакта жоголбойт”, – деди Тунистин президенти. Кэйс Сагыйд БАЭнин сионисттик режим менен түзгөн келишими тууралуу мындай деди: Биз албетте, өлкөлөрдүн чечимдерин сыйлайбыз, бирок акыркы окуя боюнча өз абалыбызды эркин түрдө баяндаганга акылуубуз.
Тунис президенти палестиналыктардын сионисттик режимдин алдында укуктарын колдоо керектигин баса белгилеп, мындай деп айтты: “Жеңилүү маданиятын жүктөө жеңилүүнүн өзүнөн да коркунучтуу. “
Белгилей кетсек, Хаэль аль-Фахум өз тарабынан Тунис жетекчилигине палестиналыктардын укуктарын колдоо боюнча чечкиндүү абалына ыраазычылыгын билдирди. Ал мындай деп кошумчалады: “Тунис палестиналыктардын укуктарына карата чечкиндүү абалын билдирип, иш жүзүндө дагы далилдеди жана Палестина эли менен бирге укуктарын кайтарып алуу жолунда күрөшүүдө шериктеш. “