АКШнын Иранга каршы сунушу БУУнун Коопсуздук Кеңешинде колдоого алынган жок

Америка Кошмо Штаттарынын Иранга каршы эл аралык санкцияларды кайтаруу сунушу кеңири каршылыкка туш болду.

Белгилей кетсек, 20-августта АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео расмий түрдө Коопсуздук Кеңешинен Иранга каршы санкция механизмин кайтарылышын талап кылган. Бул тууралуу Tasnim News агенттиги билдирди.
Рейтер агенттиги Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсүнүн 13ү буга каршылыгын билдиришкенин жарыялады.
Улуу Британия, Франция, Германия, Бельгия, Кытай, Россия, Вьетнам, Нигерия, Сент-Винсент жана Гренадин, Түштүк Африка Республикасы, Индонезия, Эстония жана Тунис АКШнын Иранга карата санкцияны улантуу аракетине каршы Коопсуздук Кеңешине нааразычылык кат жөнөтүшкөн.
 Бир гана Доминикан Республикасы – АКШ менен бирге Вашингтондун Иранга карата БУУнун санкцияларын кайрадан жандандыруу аракетине каршы болбогон жалгыз мүчө болду.
Эске салсак, Америка Кошмо Штаттары БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө 15 мамлекеттин өкүлдөрүнө “Иранга карата эл аралык санкцияларды автоматтык түрдө кайтарып берүү механизми” деп аталган резолюциясын сунуштаган.
Бул өтүнүчтөн кийин Россия, Кытай, Британия, Франция, Германия жана Бельгия Коопсуздук Кеңешине АКШнын иш-аракеттеринин эч кандай укуктук негизи жок жана жарактуу деп эсептелбеши керектигин билдиришкен.

Комментарий жиберүү