ДССУ: COVID-19ду бир гана вакцина менен жок кылуу мүмкүн эмес

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту бир гана вакцина менен жоюу мүмкүн эмес экенин билдирди.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. CNBC‎ телеканалы маалымдагандай, вакцина коронавируска каршы глобалдык күрөштө “маанилүү курал” болуп саналат, бирок вакцина өзүнөн өзү пандемияны жок кыла албайт жана окумуштуулар мындай вакцинага жете алышарына эч кандай кепилдик жок”, – деп айтылат Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүндө.

ДССУнун башкы директору Тедрос Аданом Гебрейесус дүйнө лидерлери жана жалпы коомчулук вирусту башкарууну үйрөнүп, оорунун жайылышын азайтуу үчүн күнүмдүк жашоосунда туруктуу өзгөрүүлөрдү жасашы керектигин баса белгиледи. Ошол эле учурда, ал пандемия эки жылга жетпеген убакытта бүтөт деп эсептейт. Ал 1918-жылы чыккан испан тумоосу эки жылга созулганын эске салды.

Комментарий жиберүү