Пакистан Кашмирге байланыштуу эл аралык коомчулукка кайрылуу жасады

Пакистандын тышкы иштер министрлиги эл аралык коомчулукту Кашмир маселесине көңүл бурууга чакырды.

«Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Пакистандын тышкы иштер министрлиги бейшемби күнү жасаган билдирүүсүндө эл аралык коомчулукту Индиянын коопсуздук күчтөрүнүн Кашмирдин демонстранттарына жасаган репрессиялык чабуулдарына унчукпагандыгы жана кайдыгерлиги үчүн сындап, “Кашмир – чечилиши керек болгон Түштүк Азия аймагы үчүн маанилүү маселе”, – деди.
Билдирүүдө, “Жооптуу эл аралык мекемелердин Кашмирдин мусулмандарына карата өз ролун жакшыраак аткарышы жана аймактын тарыхый көйгөйүн чечүүгө жардам бериши күтүлүүдө”, – деп жазылган.
Ошондой эле, Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Жамму жана Кашмир автономиясынын жоюлушун мыйзамсыз деп атап, “Бириккен Улуттар Уюму жана Коопсуздук Кеңеши Кашмир автономиясы мүмкүн болушунча эртерээк мурдагы калыбына келиши үчүн өз милдеттенмелерин так аткарышы керек”, – деп баса белгиледи.
Пакистандын дипломатиялык кызматынын маалыматына ылайык, аскердик абалда турган Кашмирде, коронавирус кризиси башталгандан бери элге керек болгон дары-дармектер аймакка жеткирилбегендиктен, көптөгөн адамдар өлгөн.
Кашмир эли БУУнун Коопсуздук Кеңешин аймактын статусун аныктоо үчүн референдум өткөрүүнү талап кылган резолюциясынын аткарылышын талап кылышууда, бирок Индия өкмөтү буга каршы.

Комментарий жиберүү