Эрдогандын буйругу менен дагы бир музей мечитке айланат

Түркиянын президенти Византия доорундагы архитектура боюнча курулган Чора музейин мечитине айлантууну буйрук кылды.

IQNA IR агенттигинин маалыматына ылайык, Түркиянын президенти Ражаб Тайиб Эрдоган өлкөнүн расмий гезитинде жарыяланган буйругунда Чора (Карие) музейин мечитке айлантуу чечимин чыгарган.
Белгилей кетсек, Чора музейи Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан жана ал Византия доорунда 534-жылы монастыр катары курулган. Ал эми 1453-жылы Осмон империясы Стамбулду басып алгандан кийин, 1511-жылы Стамбулдагы Айя София сыяктуу мечит болгон. Бул имарат 434 жыл бою мечит катары колдонулуп, 1945-жылы Министрлер Советинин токтому менен Түркия Республикасы түзүлгөндөн кийин музейге айланган.

Комментарий жиберүү