Багдаддын түндүгүндө Эл аралык коалицияга таандык базада жарылуу болду

Дагы бир жардыруу менен Багдаддын түндүгүндө Эл аралык Коалиция менен келишим түзгөн компанияга таандык болгон кербен бутага алынды.

Fars News агенттигинин эл аралык тобунун маалыматына ылайык, Ирак өкмөтүнүн коопсуздук боюнча маалымат борбору эл аралык коалиция менен келишим түзгөн компанияга тиешелүү автоколоннада жарылуу болгонун кабарлады.
“Багдаддын түндүгүндөгү Аль-Тажи полиция бекетинин жанында эл аралык коалициянын күчтөрү менен келишим түзгөн компаниялардын бирине таандык болгон конвой унаалары жарылды”,-  деп айтылат пресс-релизде.
Белгилей кетсек, Аль-Тажи көчөсүнөн өтүп бара жатканда АКШнын аскерий кербени бутага алынган.
Эске салсак, Багдаддан 60 чакырым түндүктө жайгашкан Аль-Таджи авиабазасы акыркы апталарда бир нече ракеталык чабуулдарга туш болду.
Базада АКШнын аскерлери жана Вашингтондо башталган ИШИМге каршы коалициянын башка мүчөлөрү жайгашкан эле жана алар 23-августта Ирактын күчтөрүнө өткөрүлүп берилген.
Ирактын маалымат булактары АКШнын аскер колоннасы базадан чыгып, башка жакка көчүп бара жатканда бутага алынганын айтышты.

Комментарий жиберүү