БУУнун баш катчысы мусулмандарга ырайымсыз мамиле жасап жатканы боюнча Индияга эскертүү берди

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы билдирүү жасап, Индия өкмөтүнүн ар кандай шылтоолор менен мусулмандарга жасаган катаал мамилеси боюнча эскертти.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Бириккен Улуттар Уюму Индияга мусулмандарга карата расалык дискриминацияны токтотуусу үчүн эскертүү берди.
“Radio Pakistan” веб-сайты БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш билдирүүсүндө, Индиянын өкмөтүн колдогон башкаруучу партиянын жана жаңылыктар тармактарынын лидерлери өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын санынын өсүшүнө мусулмандарды күнөөлөп жатышканын айткан.
БУУнун баш катчысы Индияда мусулмандарга кол салынып жатканын жана жалган эле коронавирус жуктуруп алуудан коркуу болуп жатат деп, аларга тийиштүү медициналык жардам көрсөтүлбөй жатканын билдирди.
Буга чейин ЖМКлар Индиянын полициясы жана коопсуздук күчтөрү мечиттерге баруучу жолдорду тосуп, кашмирилик мусулмандардын Курман айт намазына катышуусуна бөгөт койгонун кабарлашкан.
Маалыматка ылайык, Кашмирдин мусулмандары үйдө отурууга аргасыз болушкан, ал эми Индиянын полициясы жана коопсуздук күчтөрү катуу сүйлөмөлөр менен тыюу салууларды айтып, аймактагы мусулмандардын ар кандай кыймылын көзөмөлгө алышууда. Курман айт майрамына карата курмандык чалуулар дагы өтө чектелүү масштабда өткөрүлүп, катуу чаралар көрүлгөн.

Комментарий жиберүү