Германия эл чилиги Кыргызстандын 58 айылына жардам көрсөттү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 9 айыл өкмөтүндөгү 58 айылына Германиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан жардам көрсөтүлдү.

Жардам «Мекеним Ала-Тоо» коомдук фонду аркылуу берилгенин, төрагасы Давлет Арзыгулов билдирди.

Жалпы суммасы 830 миң сомдон ашык каражатка тамак-аш азык-түлүктөр алынып, 770 жаранга берилди. Арзыгуловдун айтымында, гуманитардык жардам алгандардын 50 пайызы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар болсо, калганы социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрү.

Коронавирустук пандемия шартында Кыргызстанга көпөгөн мамлекеттер гуманитардык жардам жөнөтүштү. Анын ичинен Иран, Өзбекстан, Кытай сыяктуу бир канча мамлекеттер вирус менен күрөш катуу жүрүп жатканына карабай, жардам беришти. Өз кезегинде Кыргызстан дагы башка өлкөлөргө гумжардамдарды жөнөтүп турду.

Комментарий жиберүү