Москва шаарында Палестина топторунун биргелешкен жыйыны өтөт

Палестина Исламдык каршылык көрсөтүү кыймылынын (ХАМАС) Улуттук мамилелер бөлүмүнүн башчысы Москвада палестиналык топтордун катышуусу менен өлкөнү алдыга жылдыруу маселелери боюнча жыйын өтөөрүн жарыялады.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Палестина Исламдык каршылык көрсөтүү кыймылынын (ХАМАС) Улуттук мамилелер бөлүмүнүн башчысы Хусам Бадран Орусиянын борбору Москвада Палестина топтору үчүн жолугушуу уюштуруларын жарыялады.
Ошондой эле, ал Исламдык каршылык кыймылы Москвада Палестина топтору менен биргелешкен жыйынга катышууга чакыруу алганын билдирди.
Бадран Орусиянын чакыруу аракетин жана Москванын Палестинанын улуттук биримдигине карата позициясын кубаттарын билдирди.
Хусам Бадран Орусиянын Палестинанын улуттук биримдигине карата позициясын кубаттоо менен, жакында эле Орусиянын президентинин Жакынкы Чыгыш жана Африка боюнча атайын өкүлү жана тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов Палестина топтору менен телефон аркылуу байланышканын айтты.
Ал жолугушуунун негизги темасын Палестинаны түзүүнүн жолдору, улуттук абалды жакшыртууга катышуу жана өлкөнүн азыркы учурда туш болуп жаткан ар кандай маселелер боюнча позициясынын биримдиги деген маселелер түзөрүн баса белгиледи.
Бадран Орусияга бул кадамы үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди жана Москва буга чейин ушундай жолугушууларды өткөрүп келгенин баса белгилеп, жолугушуунун датасы али аныктала электигин айтты.
Хамас буга чейин телефон аркылуу сүйлөшүдө, Палестинанын бекем позициясы боюнча айрым өлкөлөрдүн расмий адамдары менен жолугушканда америкалыктардын кысымын жана сионисттик режимдин диктаторлорун четке кагууну баса белгилеп келген.
Бадран Хамас кыймылы “Кылым келишими” планына каршы туруу үчүн өлкөдөгү улуттук кырдаалга консенсус түзүүгө аракет кылып жаткандыгын билдирди.

Комментарий жиберүү