30 жылдын ичинде 28 трлн. тонналык мөңгүлөр эрип кетти

Дүйнө жүзүндө 1994-жылдан бери 28 трлн. тонналык мөңгүлөр эрип кетти.

TRT/NET/TR: Лидс жана Эдинбург ЖОЖдору менен Лондондун университеттик колледжинин окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөлөргө ылайык, 30 жылга жетпеген мезгилде 28 трлн. тонналык мөңгүлөрдүн эрип кеткендиги аныкталды.
Лидс университетинен Том Слейтер, 28 трлн. тонналык мөңгүлөрдүн кесепетинен Англиянын жер бетин 100 метр калыңдыкта тоңгон суу катмары менен каптап калаарын айтты.
Окумуштуулар эриген мөңгүлөрдүн көлөмүнүн көбөйүшү күн нурунун чагылышын бир кыйла азайта турганын, буга байланыштуу деңиз жана топурактын көбүрөөк жылый турганын, ошондуктан глобалдык жылуулук дагы тездей турганын баса белгилешти.
Лидс университетинин Уюлду көзөмөлдөө жана моделдөө борборунун директору, профессор Энди Шепер да деңиз деңгээлинин ар бир сантиметрдик көтөрүлүшүнүн кесепетинен бир миллионго жакын адам үй-жайсыз калышы мүмкүн деп эскертти.
Эксперттер аныктаган мөңгүлөрдүн жок болуу деңгээли, Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык комиссиясы (IPCC) тарабынан белгиленген эң жаман сценарий божомолуна туура келди.

Комментарий жиберүү