Мьянмадагы рохинжа-мусулмандарына карата жасалган кыргынга үч жыл толду

Кечээ, 25-августта Бангладештеги качкындар лагеринде күн өткөрүп жаткан рохинжа-мусулмандары Мьянманын Ракхайн штатындагы мусулмандарга каршы жасалган геноциддин үч жылдыгына карата тынч мүнөздөгү нааразычылык акциясын өткөрүштү.

Бул тууралуу “Mehr News”  агенттиги “Reuters” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Мындан үч жыл мурун, Мьянманын Ракхайн штатында рохинжа-мусулмандарына каршы зордук-зомбулуктар жасалып, миңден адамдар өлтүрүлүп, көпчүлүгү Бангладешке жөө качкан.

Бүгүнкү күндө бир миллиондон ашуун рохинжа-мусулмандары Бангладештин түндүгүндөгү качкындар лагерлеринде жашашат. Бул жер  дүйнөдөгү эң ири качкындар лагерине айланган. “Reuters” агенттиги ушул жылдын июнь айында Ракхайн штатында калган миңдеген рохинжа-мусулмандары Мьянма армиясынын тазалоо операциясын жүргүзүү чечимине байланыштуу өз үйлөрүн таштап кетишкенин маалымдаган.

2017-2018-жылдары Мьянма армиясынын Ракхайндагы мусулмандар отурукташкан аймактардагы аскердик операциялары миңдеген мусулмандарды жер которууга аргасыз кылган. “Amnesty International” укук коргоо уюму Мьянма армиясынын Ракхайн штатындагы кыргын салуусу куралсыз адамдардын, анын ичинде жаш балдардын жана аялдардын өлүмүнө алып келиши аскердик кылмыш болуп саналарын айтып,  БУУнун Коопсуздук Кеңешинин бул боюнча иликтөө жүргүзүүгө чакырган.

Комментарий жиберүү