Ош: Эпидемиологиялык абал жакшырды

Ош шаарында эпидемиологиялык абал турукташа баштаганына байланыштуу күндүзгү жана түнкү бардык стационарлар толугу менен жабылды.

Учурда шаарда илдетти жуктуруп алган 33 жаран гана дарыланып жатышат. Алар Ош шаардык клиникалык оруканасында. Ошентип шаарда эпидемиологиялык абал турукташа баштады. Бул туралуу Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев “ЭлТРдин” түз эфирдеги брифингде билдирди.

Эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырып баратканына байланыштуу базарларда, эс алуучу жайларда талаптар сакталбай жатканы байкалууда. Мындан улам элди санитардык талаптарды сактоого чакырышат.

Мындан сырткары, тыюу салынганына карабай, эл арасында той мааракелерди өткөргөндөр көбөйгөн. Эгер талапты сактабагандар болсо, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертет.

Бийликтер илдеттин экинчи толкунуна өзүнчө даярдыктарды көрүп жатат. Ооруканаларды жылуулук системаларын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, электр энергиясында үзгүлтүккө учуруган  мезгилде генератортлор менен камсыздоо аракети жүрүүдө. 

Комментарий жиберүү