Түштүк Кореянын борборунда мектептер кайрадан жабылды

Түштүк Кореяда коронавирус оорусуна чалдыккандардын саны кайрадан өсүп баштагандыктан, борбор калаасындагы мектептер жабылды.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Түштүк Корея борбор шаары Сеулда коронавирус жуктурган 280 жаңы учур катталгандан кийин мектептерин кайрадан жапты.
Түштүк Кореяда он экинчи күн катары менен коронавирус оорусу менен ооруган адамдардын саны үч орундуу санга көбөйгөн. Түштүк Кореядагы мектептердин ачылышы алгач февраль айына белгиленген, бирок коронавирус эпидемиясынан кийин май айына чейин жабылган.
Түштүк Кореянын билим берүү министри шейшемби күнү борбор калаанын мектептерин кайрадан жабуу керектигин жарыялады. Анын айтымында, бала бакча, башталгыч, орто жана жогорку класстардын окуучулары ушул жуманын шаршембисинен 11-сентябрына чейин алыстан окутулат.
Жонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча кеминде 23 млн. 575 миң 676 адам коронавирусун жуктурган, алардын ичинен 811 миң 874 адам илдеттен улам көз жумуп, 15 млн. 260 миң 55 адам оорудан айыгышты.

Комментарий жиберүү