АКШ Кытайдын 24 компаниясына санкция киргизди

АКШнын соода министрлиги Түштүк Кытай деңизинде жасалма аралдардын курулушуна катышты деген шылтоо менен Кытайдын 24 компаниясына санкция киргизгенин жарыялады.

«Mehr News» агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Соода министрлиги шаршемби күнү бир нече кытай компанияларын жасалма аралдарды жасоого катышкандыгы үчүн санкциялардын тизмесине киргизди.
АКШнын Соода министрлигинин сайтына жарыяланган билдирүүсүндө, “Соода министрлигинин Өнөр жай жана коопсуздук бөлүмү, Кытай армиясынын Түштүк Кытай деңизиндеги эл аралык жасалма аралдарды курууга жана аскерлештирүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн 24 кытай компаниясын өзүнүн санкциялар тизмесине кошту”, – деп жазган.
Маалыматка ылайык, 2013-жылдан бери Кытай Түштүк Кытай деңизинде болжол менен 12 чарчы километр аянтка аралдарды жасаган жана аларга абадан коргонуу тутумдарын жана кемеге каршы курал-жарак системаларын жайгаштырган.

Комментарий жиберүү