Кыргызстанда жума намаздарын мечиттен окууга уруксат берилди. Талаптар

Кыргызстанда жума намаздарын мечиттен окууга уруксат берилди. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Муфтият жума намаздарын мечитте окууга келгендер сактык чараларын бекем сактоого тийиш экендигин билдирет.

Алар;

– күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат;

– мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү керек;

– мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо зарыл;

– жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;

– даарат жана сүннөт намаздарды үйдөн окулушу керек;

– жаш балдар, жашы өтүп калган кары-картаңдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат;

– мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 минөттүн аралыгында чыгып кетүү сунушталат;

– жамаат намаздары ачык абада мечиттин короосунда өткөрүү сунушталат;

– ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү керек.

Комментарий жиберүү