Иран көркөм тасмалары Кыргызстандын телеканалынан көрсөтүлө башталды

Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Маданий өкүлчүлүгү менен «Азия-Тв» телеканалынын ортосундагы кызматташтык жана өз ара аракеттин алкагында, жакын аранын ичинде аталган телеканалдан Иран кино тасмаларынын көрсөтүлө баштайт.

Бул туурасында Ирандын Кыргызстандагы Маданий өкүлчүлүгүнүн Инстаграммдагы баракчасында маалымдалды. 

2020-жылдын 27- августунан 30-августуна чейин, Ирандын белгилүү режиссер айымы Наргес Абьярдын «Ойдуӊ 143» жана «Дем» кинотасмалары Кыргызстандагы “Азия ТВ” телеканалынан орусча субтитр менен көрсөтүлмөкчү.

Жогоруда аталган кинотасмалар «Азия-Тв» телеканалы аркылуу төмөнкү убакта берилмекчи: 

Бейшемби. 27.08.2020: 
21:20 «Дем» көркөм тасмасы

Жума. 28.08.2020
12:20 «Дем» көркөм тасмасы
22:20 «Ойдуӊ 143» көркөм тасмасы

Ишемби. 29.08.2020
13:10 «Ойдуӊ 143» көркөм тасмасы

Жекшемби. 30.08.2020
17:40 «Ойдуӊ 143» көркөм тасмасы
22:10 «Дем» көркөм тасмасы

Айта кетсек, аталган Маданий өкүлчүлүк менен «Азия-Тв» телеканалы ортосунда, өз ара кызматташуу жөнүндө бекитилген Меморандумдун алкагында, Бишкектеги Маданий өкүлчүлүктө «Юсуф Пайгамбар» сериалын кыргыз тилине которуу иши башталды жана жакын арада үн коштоо иштери башталат. 

Комментарий жиберүү