Назарбаев өзөктүк куралды кыскартууну сунуштады

Казакстандын мурунку президенти Орусия, АКШ, Кытай жана Европа Биримдигинин президенттеринин катышуусунда өзөктүк куралды кыскартуу боюнча жыйын өткөрүүнү сунуш кылды.

«Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Казакстандын биринчи президенти жана лидери Нурсултан Назарбаев өлкөсүндө Орусия, АКШ, Кытай жана Европа Биримдигинин лидерлеринин катышуусунда өзөктүк куралды кыскартуу боюнча жыйын өткөрүүгө чакырды.

Ошондой эле ал Казакстан сыяктуу эл аралык коомчулукту өзөктүк куралдан баш тартууга жана өзөктүк акылсыздыкты жоюу үчүн аракеттерин бириктирүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, Казакстандын биринчи президенти кечээ  “Өзөктүк сыноолорсуз дүйнө үчүн чемпион” макамын алган.
Бул тууралуу БУУнун Башкы Ассамблеясынын атайын сессиясынын жүрүшүндө айтылды.

Комментарий жиберүү