Япониянын премьер-министри отставкага кетип жатат

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ ден соолугуна байланыштуу жакында отставкага кеткени жатат.

Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги “Reuters” агенттигине шилтеме берип кабарлады. Япониянын “NHK” агенттиги Синдзо Абэ кызматынан оорудан улам кетип жаткандыгын маалымдады.

Бул туурасында Япониянын Либералдык-Демократиялык партиясындагы маалымдар булак билдирди.

Белгилей кетсек, Япониянын өкмөт башчысы акыркы эки жумада ооруканага эки ирет барган. Синдзо Абэ премьер-министрлик кызматты сегиз жылдан бери аркалап келет.

Комментарий жиберүү