Европа Биримдиги Беларуссиядагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жооптуу өкүлү Түркия менен Афины ортосундагы акыркы чыңалуу боюнча Түркияга эскертүү берип, ЕБ Беларуссиядагы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди.

«Mehr News» агенттигинин маалыматына ылайык, Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча өкүлү Жозеп Боррель  кечээ, жума күнү “Европа Биримдиги Беларуссиядагы шайлоону расмий түрдө тааныбайт жана өлкөдөгү митингчилерге каршы зомбулукту кабыл алынгыс деп билет”, – деп билдирди.
Ошондой эле, Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башчысы Афины менен Анкаранын ортосундагы тирешүүгө токтолуп, “Түркия менен Грециянын ортосунда олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырабыз. Ошондой эле Түркияны бир тараптуу аракеттерден алыс болууга чакырабыз”, – деди.
Жозеп Боррель Анкарага таандык кемелер сыяктуу мүлктөрдүн Евробиримдиктин санкцияларына киргизе турган Түркияга каршы чаралар каралып жаткандыгын билдирди.
Маалыматка ылайык, Европа Биримдигинин жогорку даражалуу дипломаттарынын бири “Reuters” агенттигине: “Эгер Түркиянын Грецияга каршы аракеттери улана берсе, анда бул өлкө Брюсселдин санкцияларына кабылат”, – деп билдирген.

Комментарий жиберүү