Япониянын жаңы премьер-министри качан шайланары белгилүү болду

Япониянын башкаруучу Либералдык-демократиялык партиясы жаңы премьер-министрди 15-сентябрда шайлоону пландап жатат.

Бул тууралуу “Tasnim News” агенттиги “Reuters” агенттигине шилтеме берип кабарлады. “Kyodo” агенттиги Япониянын башкаруучу партиясы 15-августта Синдзо Абэнин ордуна жаны премьер-министр шайлай тургандыгын маалымдады.

Японияны сегиз жылдан бери башкары келе жаткан Синдзо Абэ кечээ, 28-августта ден соолугуна байланыштуу премьер-министрлик кызматтан кетип жаткандыгын жарыялаган. Абэ кызматтан кетүү чечимин ичеги оорусу күчөп кеткенден кийин кабыл алган.  Ал бул оору менен көп жылдар бою күрөшүп келген.

Япониянын мурунку коргоо министри Сигэру Исиба жана мурунку тышкы иштер министри Фумио Кишида премьер-министрлик кызматка ат салышуу ниетин билдиришти. Ошол эле учурда, бул кызматка талапкерлердин катарында япон өкмөтүнүн өкүлү Ёсихиде Суга жана өлкөнүн учурдагы коргоо министри Таро Коно да бар. Япониянын вице-премьери Таро Асо жарышка катышуу ниети жок экендигин билдирди.

Комментарий жиберүү