Абу-Дабидеги ресторанда жардыруу болду

Абу-Дабидеги ресторанда жардыруу болду

Эмираттын “Аль-Баян” гезити жардыруу ресторандын имаратына ири өлчөмдө материалдык зыян келтиргенин, алгачкы тергөө иштери башталып, өрт өчүргүчтөр имаратты эвакуациялап жаткандыгын кабарлады. Fars News агенттигинин Эл аралык тобу билдиргендей, Абу-Дабиде  ресторандын ичиндеги жарылуу ушул ресторандын бир катар кызматкерлерин жарадар кылган.Белгилей кетсек, “Араби 21” сайты жарылуу Израилдин учагы Абу-Дабиге биринчи учууга даярданып, Израилдин жана Американын расмий өкүлдөрүнүн делегациясын алып бара жатканда болгонун кабарлады.Билдирүүгө ылайык, жардыруу Абу-Дабидеги KFC ресторанынын филиалдарынын биринде болгон.KFC рестораны Абу-Даби эл аралык аэропортунун жанында деп…

Прочитайте больше

USAID Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууга каражат бөлдү

USAID Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууга каражат бөлдү

USAID коронавирустук пандемия учурунда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган адамдарды коргоо үчүн Кыргызстандагы он бир коомдук уюмдарга 230 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү грант бөлдү. Бул каражаттар баш калкалоо жайларын кеңейтүүгө, жабыркагандарга психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүүгө жана бул багыт боюнча дагы башка иш-чараларды илгерилетүү үчүн колдонулат. Аталган гранттар USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору алкагында берилди. “COVID-19 пандемиясы Кыргыз Республикасында, дүйнөнүн башка көптөгөн өлкөлөрүндөй эле, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун катталган учурларынын санынын кыйла көбөйүшүнө алып келди. Бул…

Прочитайте больше

Бангладеште болгон селде 251 киши каза болду

Бангладеште болгон селде 251 киши каза болду

Бангладеште болгон селде 251 киши каза болду 57 000ден ашуун кишинин булганган суулардан оору жугузган. Бангладеште муссон жамгырларынын айынан болгон селде каза болгондордун саны 251ге жетти. Саламаттык сактоо жана үй  – бүлөнү коргоо министрлигинен берилген маалыматта 30 –  июндан тарта ашыкча жамгыр жаашы себеп болгон селдерде 250 кишинин каза болгондугу белгиленди. Маалыматта 57 000ден ашуун кишинин булганган суулардан оору жугузгандыгы маалымдалды. Сел катуу болгон аймактарда жүз миңдеген кишинин жашаган жерлеринен кеткендиги билдирилип, 5 миллионго жакын…

Прочитайте больше

Кытай АКШга: Эгер санкциялар улана берсе, дары-дармектерди экспорттоону токтотобуз

Кытай АКШга: Эгер санкциялар улана берсе, дары-дармектерди экспорттоону токтотобуз

Кытай өкмөтүнүн экономика тармагы боюнча кеңешчиси Ли Дау Куй эгерде Кошмо Штаттар Кытайга жарым өткөргүч продуктуларына жана компьютер компоненттерине байланыштуу санкцияларды киргизе берсе, Пекин дагы Вашингтонго дары-дармектерди экспорттоону токтотуу менен жооп кайтарарын билдирди. “IRNA News” агенттигинин маалыматына ылайык, Кытай өкмөтүнүн бул өкүлүнүн коркутуусу – АКШнын Кытай компанияларынын, айрыкча Huawei компаниясынын жарым өткөргүчтөрдү импорттоосуна карата коркутууларына жооп болду. АКШнын бул аракети Кытай компанияларынан Америкада жана дүйнөлүк рыноктогу ишмердүүлүндө көптөгөн көйгөйлөрдү жаратты. Маалыматта АКШ Кытай компанияларын чектөөгө аракет…

Прочитайте больше

Орусияда коронавирус жуктурупалгандардын саны бир миллиондон ашты

Орусияда коронавирус жуктурупалгандардын саны бир миллиондон ашты

Орусиянын 84 аймагында бир сутканын ичинде коронавирус жуктуруунун жаңы 4729 учуру аныкталды. Бул тууралуу Орусиянын коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабынан маалымдашканын “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады.  Маалыматка ылайык, Орусияда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны миллиондон ашты. Статистикага ылайык, вирус жуктуруунун эң көп учуру Москвада (641) жана Санкт-Петербургда (185), Москванын тегерегинде (156), Ростов облусунда (133), Нижегорск облусунда (132), Ставропольдо (125)  катталды. Орусияда азыркы тапка чейин коронавирустан жалпы17 миң 300 адам каза болуп, 815 миңден ашууну айыкты.

Прочитайте больше