Абу-Дабидеги ресторанда жардыруу болду

Эмираттын “Аль-Баян” гезити жардыруу ресторандын имаратына ири өлчөмдө материалдык зыян келтиргенин, алгачкы тергөө иштери башталып, өрт өчүргүчтөр имаратты эвакуациялап жаткандыгын кабарлады.

Fars News агенттигинин Эл аралык тобу билдиргендей, Абу-Дабиде  ресторандын ичиндеги жарылуу ушул ресторандын бир катар кызматкерлерин жарадар кылган.
Белгилей кетсек, “Араби 21” сайты жарылуу Израилдин учагы Абу-Дабиге биринчи учууга даярданып, Израилдин жана Американын расмий өкүлдөрүнүн делегациясын алып бара жатканда болгонун кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, жардыруу Абу-Дабидеги KFC ресторанынын филиалдарынын биринде болгон.
KFC рестораны Абу-Даби эл аралык аэропортунун жанында деп айтылып жүрөт жана жарылуу сионисттик режимдин учагы ушул аэропортко коноордун алдында болгон.

Комментарий жиберүү