Кытай АКШга: Эгер санкциялар улана берсе, дары-дармектерди экспорттоону токтотобуз

Кытай өкмөтүнүн экономика тармагы боюнча кеңешчиси Ли Дау Куй эгерде Кошмо Штаттар Кытайга жарым өткөргүч продуктуларына жана компьютер компоненттерине байланыштуу санкцияларды киргизе берсе, Пекин дагы Вашингтонго дары-дармектерди экспорттоону токтотуу менен жооп кайтарарын билдирди.

“IRNA News” агенттигинин маалыматына ылайык, Кытай өкмөтүнүн бул өкүлүнүн коркутуусу – АКШнын Кытай компанияларынын, айрыкча Huawei компаниясынын жарым өткөргүчтөрдү импорттоосуна карата коркутууларына жооп болду. АКШнын бул аракети Кытай компанияларынан Америкада жана дүйнөлүк рыноктогу ишмердүүлүндө көптөгөн көйгөйлөрдү жаратты.

Маалыматта АКШ Кытай компанияларын чектөөгө аракет кылып жатканы жана ушул максатта кытайлык компаниялардын технологияларга жана айрым компоненттерге, анын ичинде компьютер чиптери жана жарым өткөргүчтөргө жетүү мүмкүнчүлүгүнүн алдын алуу ниети бар экени айтылууда.

Кытай өкмөтүнүн экономика боюнча кеңешчиси: “Эгерде АКШ тараптан Кытай компанияларынын жабдууларды жана тетиктерди алуу мүмкүнчүлүгү чектелсе, Пекин дагы АКШнын кысымына жана санкцияларына каршы туруу үчүн дары жана фармацевтикалык продуктуларды экспорттоону курал катары колдонот”, – деди.

Америка Кошмо Штаттары дары-дармек жана кээ бир фармацевтикалык продуктылар менен камсыздоо жагынан Кытайга көз каранды жана бул  маселенин чечилиши президенттикке талапкер Жо Байден жана президент Трамптын администрациясы тарабынан бир нече жолу талап кылынган.

Кытай бул ишке кадам жасай элек, бирок, өлкө өкмөтүнүн кеңешчиси Кытайдын жарым өткөргүчтөргө жетүү мүмкүнчүлүгү токтотулуп калса, анда АКШнын бул продуктуларга жана дары-дармектерге жетүүсү жабылышы мүмкүн деп эсептейт.

“Дары-дармектердин 90 пайыздан ашыгы, анын ичинде антибиотиктер жана витаминдер Кытайда өндүрүлөт. АКШ аларды кыска убакыттын ичинде өндүрө албайт жана эгер ыплас санкциялар оюнун уланта берсе, ага жооп чаралары көрүлөт”, – деди Ли Дау Куй.

Бир нече күн мурун АКШнын Соода министрлиги Кытайдын Huawei компаниясына америкалык компаниялардын жабдууларын, программаларын жана технологияларын колдонууга чектөөлөрдү киргизген жана Кытайдын ири телекоммуникациялык компаниясынын 38 филиалын 21 мамлекетте катуу көзөмөлгө алган. Ага ылайык, тизмеге киргизилген АКШ технологияларын Кытай компанияларына сатууга катуу чектөө коюлган.

Комментарий жиберүү