USAID Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууга каражат бөлдү

USAID коронавирустук пандемия учурунда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган адамдарды коргоо үчүн Кыргызстандагы он бир коомдук уюмдарга 230 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү грант бөлдү.

Бул каражаттар баш калкалоо жайларын кеңейтүүгө, жабыркагандарга психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүүгө жана бул багыт боюнча дагы башка иш-чараларды илгерилетүү үчүн колдонулат. Аталган гранттар USAIDдин «Жигердүү жарандар» долбоору алкагында берилди.

“COVID-19 пандемиясы Кыргыз Республикасында, дүйнөнүн башка көптөгөн өлкөлөрүндөй эле, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун катталган учурларынын санынын кыйла көбөйүшүнө алып келди. Бул пандемиянын айынан адамдар өз үйлөрүнөн чыкпай, изоляцияда болуусунан улам аялдар жана балдар үчүн зордук-зомбулуктан коргонуу дагы да татаалдашты. Биз, Кыргызстандагы үй-бүлөлөргө коркунуч туудурган үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алууга, ошондой эле андан жабыр тарткан адамдарды коргоого жана жардам берүүгө болгон аракетибизди жумшамакчыбыз”,-дейт USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын башчысынын милдетин аткаруучу Алдер Бартлетт.

Бөлүнгөн каражаттар учурда иштеп жаткан үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча 88 комитеттин ишин чыңдап, өлкөнүн түрдүү аймактрында дагы кошумча 13 комитет түзүүгө да багытталат. Бул комитеттер үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана жабыркаган адамдарды колдоо максатында жергиликтүү бийлик органдары тарабынан түзүлөт.

Комментарий жиберүү