SANA: Йемендеги гуманитардык кырдаал Бириккен Улуттар Уюмунун маскарачылыгы

Йемендин жетекчилиги БУУнун Йемендеги саламаттыкты сактоо программаларынын көпчүлүгү жабылганын белгилеп, бул уюм Йемен элинин азап-кайгысын күчөтүп, Сауд Аравиясынын коалициясы менен кызматташып жатканын кошумчалады.

“Fars News” агенттигинин маалыматына ылайык, Йемендин расмий адамдары өлкөдө курчоо уланып, Сауд коалициясы тарабынан күйүүчү майды тартып алуунун натыйжасында Йемендеги гуманитардык кырдаал начарлаганын билдиришти.
“Йемендеги БУУга байланыштуу мекемелердин иш-аракеттери агрессор күчтөрдүн эркине багынып, алар тарапта болууларынын белгиси”,- деди Йемендин Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Юсуф аль-Хазири “Аль-Масира” агенттигине берген маегинде.
“Бириккен Улуттар Уюмунун Йеменде 41 ири программасы бар, анын бирөө гана толугу менен ишке ашты”, – деп кошумчалады ал.
Йемендеги миңдеген саламаттык сактоо борборлору жабылуу алдында тургандыгын белгилеген аль-Хазири БУУнун саламаттыкты сактоо программаларынын 50-80 % кыскарганын же толугу менен жабылгандыгын айтты.
“Йемендеги гуманитардык кырдаал Бириккен Улуттар Уюмунун маскарачылыгы”,- деди Йемендин расмий өкүлү.
“Эгер Йемендин саламаттыкты сактоо тармагына электр энергиясы берилбей калса, миңдеген бейтаптар, айрыкча балдар каза болушат”, – деп белгиледи ал.
Белгилей кетсек, Йемен мунай компаниясы Сауд Аравиясынын коалициясы Йемендин күйүүчү майын ташыган кемелерди басып алууларын улантып жатканын жана Аль-Худайда портундагы Йемендеги күйүүчү майдын кору түгөнгөндүгүн жарыялады.
“Бул кырдаал Йемендеги гуманитардык катастрофаны күчөтөт”,- деп кошумчалады ал.

Комментарий жиберүү