Шри-Ланкада Индиянын мунай ташуучу ири танкеринде жарылуу болду

“Reuters” агенттиги Шри-Ланкада Кувейттен Индияга бет алып бара жаткан мунай ташуучу ири танкерде жарылуу болгонун маалымдады.

Маалымат булактары Шри-Ланканын суусунда чоң танкерде жарылуу болду деп кабарлашууда. Бул тууралуу «Fars News» агенттиги жазды.
Бул тууралуу “Reuters” агенттиги, бүгүн (бейшемби) Индия субконтинентинин түштүк сууларында чоң танкерде жарылуу болду деп билдирди.
Жарылуу Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарынын жээгинде ири New Diamond танкеринде катталган.
Шри-Ланканын сууларында сүзүп бара жаткан Индияга тиешелүү болгон танкерде жарылуу бүгүн эртең менен болгон жана андан кийин өрттөнүп кеткен.
Жарылуунун себеби жана жоготуулар боюнча маалыматтар бериле элек.

Комментарий жиберүү