Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19ду дарылоодо колдонулчу алты препаратты атады

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус инфекциясын дарылоодо колдонула турган алты дарынын тизмесин жарыялады.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. РИА Новости агенттиги маалымдагандай, Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтында COVID-19 дарылоодо колдонула турган препараттардын тизмеси жарыяланды. Ал тизмеге фавипиравир, гидроксихлорохин, азитромицин (гидроксихлорохин менен айкалышта), интерферон-альфа препараттары, ошондой эле ремдесивир, умифеновир кирди.

Ошол эле учурда Саламаттыкты сактоо министрлигинин сайты аталган дарылар коронавируска каршы күрөшүүдө 100% натыйжалуу болооруна кепилдик бербейт деп эскертет.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Орусия Беларуссияга коронавируска каршы вакцина жагынан жардам берерин билдирген. Орусиянын президенти Владимир Путин Беларуссия коронавирустун вакцинасын  биринчилерден болуп аларын билдирген.

Комментарий жиберүү