Коронавирус дүйнөнүн шайын оодарды

Коронавирус дүйнөнүн шайын оодарды

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумгандардын саны 879 миң 400гө жакындады. Илдетке чалдыккандардын саны болсо 26 миллион 816 миң 850дөн, ал эми айыгып кеткендердин саны 18 миллион 923 миң 650дөн ашты. Пандемиянын чордону болгон Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза болгондордун саны 192 миң 132, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 6 миллион 389 миң 413 деп катталды. Бразилияда дагы 888 адамдын өлүмү менен өлкөдө вируска байланыштуу каза тапкандардын саны 125 миң…

Прочитайте больше

Иранда хлор баллону жарылып, 217 киши жаракат алды

Иранда хлор баллону жарылып, 217 киши жаракат алды

Ирандын Ислам провинциясындагы Занжире Олиа айылында хлор баллону жарылып, андан улам  217 киши жаракат алды. Бул тууралуу Илам провинциясынын медициналык илимдер университетинин жетекчиси Мохаммад Каримиан билдиргенин “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. Каримиандын айтымында, хлор баллону жарылгандан кийин жаракат алгандардын ичинен 91 киши медициналык тик учактар жана тез жардам унаалары тарабынан Иламдагы “Имам Хомейни” ооруканасына жеткирилген. Ал ошондой эле 15 киши Сарабле шаарындагы “Имам Али” ооруканасына жаткырылганын билдирип, калгандары амбулатордук шарттарда жардам алышканын белгиледи. Хлор баллону аны жүктөп бара жаткан…

Прочитайте больше

Орусияда террордук топтун мүчөлөрү кармалды

Орусияда террордук топтун мүчөлөрү кармалды

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) террордук топтун 13 мүчөсүн өз убагында аныктап, колго түшүрүп, өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы массалык өлтүрүүлөрдүн алдын алды. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынан (ФСБ) маалымдашканын “Pars Today” агенттиги кабарлады. Аталган кызматтын маалыматына караганда, бул террорчулар колго жасалган жардыргыч заттар жана ар кандай автоматтык куралдар менен билим берүү мекемелеринде, күч структураларынын имараттарында жана жөн эле эл көп топтолгон жерлерде кылмыштарды даярдап жатышкан. Кармалгандардын 11и буга чейин Орусиянын сот органдары тарабынан мыйзамсыз деп табылган …

Прочитайте больше

Палестинанын топтору талаш-тартыштарды токтотууга макулдашышты

Палестинанын топтору талаш-тартыштарды токтотууга макулдашышты

Палестина топтору бейшемби күнү кечинде (жергиликтүү убакыт боюнча) Палестина топторунун баш катчыларынын Ливандагы жолугушуусунун акырында жасаган билдирүүлөрүндө, алар карама-каршылыктарды жана талаш-тартыштарды токтотуу үчүн комитет түзүүгө макулдашышканын жарылашты. “IRNA News” агенттигинин маалыматына ылайык, Палестина топтору бөлүнүүнү жана чыр-чатактарды токтотуу үчүн беш жуманын ичинде комитет түзүүгө макулдашышты.Палестина автономиясынын башчысы Махмуд Аббас төрагалык кылган бул жыйынындагы акыркы билдирүүдө: “Палестина маселеси кутум жана жоюлуп кетүү коркунучу алдында турат жана биздин элибиздин тарыхынын чечилүүчү учурлары келип отурат. Аны жашоо-тиричилик маселелерине чейин…

Прочитайте больше

Москвада ШКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт

Москвада ШКУнун Тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Орусиянын Москва шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтөрүн жарыялады. «Fars News» агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова 9 жана 10-сентябрда ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны  Москвада өтөрүн билдирди.Анын айтымында, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун төрагалыгы астында өтүүчү жыйында ШКУнун саммитине даярдык көрүү маселеси талкууланат.“Бул жолугушуунун алкагында саясий декларациянын акыркы долбоору, Экинчи Дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75…

Прочитайте больше