Орусияда террордук топтун мүчөлөрү кармалды

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) террордук топтун 13 мүчөсүн өз убагында аныктап, колго түшүрүп, өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы массалык өлтүрүүлөрдүн алдын алды.

Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынан (ФСБ) маалымдашканын “Pars Today” агенттиги кабарлады. Аталган кызматтын маалыматына караганда, бул террорчулар колго жасалган жардыргыч заттар жана ар кандай автоматтык куралдар менен билим берүү мекемелеринде, күч структураларынын имараттарында жана жөн эле эл көп топтолгон жерлерде кылмыштарды даярдап жатышкан.

Кармалгандардын 11и буга чейин Орусиянын сот органдары тарабынан мыйзамсыз деп табылган  жабык интернет коомчулугунун мүчөлөрү болуп саналат. Кармалгандардын кылмыш пландары алардын жеке күндөлүктөрү жана гаджеттердеги маалыматтар менен тастыкталат. Алардан  өрттөөчү жана жарылуучу түзүлүштөрдү жасоо боюнча көрсөтмөлөр жана кол салуунун схемалары табылды.

Комментарий жиберүү