Палестинанын топтору талаш-тартыштарды токтотууга макулдашышты

Палестина топтору бейшемби күнү кечинде (жергиликтүү убакыт боюнча) Палестина топторунун баш катчыларынын Ливандагы жолугушуусунун акырында жасаган билдирүүлөрүндө, алар карама-каршылыктарды жана талаш-тартыштарды токтотуу үчүн комитет түзүүгө макулдашышканын жарылашты.

“IRNA News” агенттигинин маалыматына ылайык, Палестина топтору бөлүнүүнү жана чыр-чатактарды токтотуу үчүн беш жуманын ичинде комитет түзүүгө макулдашышты.
Палестина автономиясынын башчысы Махмуд Аббас төрагалык кылган бул жыйынындагы акыркы билдирүүдө: “Палестина маселеси кутум жана жоюлуп кетүү коркунучу алдында турат жана биздин элибиздин тарыхынын чечилүүчү учурлары келип отурат. Аны жашоо-тиричилик маселелерине чейин кыскартуу жана бизди өз тагдырын өзү чечүү укугунан ажыратуу жана 1967-жылдын 4-июнунда, басып алынган Иерусалим борбору болгон, көз арандысыз Палестина мамлекетин түзүү аракеттерин көрүүбүздөн ажыратканы турушат. Басып алган режим жана Америка Кошмо Штаттары кылым келишими жана Батыш Шерианы басып алуу жана арабдардын эркин нормалдашуусун илгерилетүү планы сыяктуу кутумдарды ишке ашырып жатышат, буга биздин бүт элибиз каршы болду”, – деп айтылды.

Палестина топтору элдик каршылык көрсөтүүнү жетектөө үчүн улуттук комитеттерди түзүүнү чечишти.
Билдирүүдө палестиндердин бардык мыйзамдуу күрөшүү каражаттарын колдонуу укугу баса белгиленип, палестиналыктардын улуттук тилектерин жок кылуу боюнча ар кандай планга же кутумга каршылык көрсөтүлдү.
Палестина топторунун лидерлери Палестина элин  өлкө маселесине каршы план жана кутумга бардык күчү менен каршы турууга чакырышты.

Ошондой эле, “Ушул учурда биз басып алуучу режимге каршы мыйзамдуу укуктарыбызды коргоонун ылайыктуу варианты катары элдик каршылык көрсөтүүнү өнүктүрүү жана күчөтүү жөнүндө макулдаштык”, – деп билдиришти.

Жолугушууда басылып алынган бардык аймактарда борбор шаары Иерусалим болгон көз карандысыз Палестина мамлекетин куруунун зарылдыгы баса белгиленип, Кудска, христиан жана ислам ибадатканаларына кандай кол салуу болсо дагы кабыл алынгыс экендиги жарыяланды.

Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле сионисттик режим менен болгон мамилелердин ар кандай нормалдашуусун айыпташты жана алар менен мамилелерин нормалдаштыруу Палестина элинин, араб жана ислам үммөтүнүн артынан канжар уруу деп эсептешерин, өз мамлекеттерин жана дүйнөнүн эркин элдерин бул кутумдарга каршы бардык күч-аракет менен каршы турууга чакырарын билдиришти.

Комментарий жиберүү