Өлкөнүн башкы пульмонологу коронавирустан өз алдынча дарыланууга болбой тургандыгын эскертти

Өлкөнүн башкы пульмонологу коронавирустан өз алдынча дарыланууга болбой тургандыгын эскертти

Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаев жарандарды коронавирустан өз алдынча дарыланууга болбой тургандыгын эскертти. “Коронавирустан өз алдынча дарыланууга болбойт. Өз алдынча дарыланганда кесепеттери оор болгон учурлар Кыргызстанда да, башка мамлекеттер да бар. Ооруканадабы же үй шартында болобу дарылар дарыгер тарабынан жазылып берилиши керек”, – деди ал. Аны менен бирге ал коронавирусту дарылоо боюнча төртүнчү протокол тууралуу айтып, учурда дарылоо, дарыларды жазып берүү ал протоколго ылайык жүргүзүлүшү керектигин…

Прочитайте больше

Беларусияда он миндеген адамдар жүрүшкө чыгышты

Беларусияда он миндеген адамдар жүрүшкө чыгышты

Беларуссиянын оппозициясы кайрадан ири масштабдагы нааразычылык акциясын өткөрдү. Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги кабарлады. Беларуссиянын ар кайсы шаарларында жүрүшкө чыккан өкмөткө каршы он миндеген демонстранттар өлкө президенти Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылышты. “The Associated Press” агенттиги маалымдагандай, нааразычылык акциялары Минскиде жана башка ири шаарларда өттү. Акциянын катышуучуларыны так саны жарыяланган жок, бирок “Весна” укук коргоо уюмунун жетекчиси Алесь Беляцкий Минск шаарында нааразычылык акциясына чыккандардын саны 100 миңден ашарын билдирди. 9-августтагы президенттик шайлоодон кийин башталган Беларуссиядагы нааразычылык…

Прочитайте больше

Ирандагы эгиздердин айылы

Ирандагы эгиздердин айылы

Кимде ким Ирандын Йезд провинциясындагы Шахрабад айылына биринчи жолу барып калса, бул айылдагы көптөгөн эгиздерди көрүп таң калышы мүмкүн. Бул туурасында “SeeIran” интернет-порталы жазды. Шахрабад айылындагы “Шахид Рахим Мохаммадзаде” башталгыч мектебиндеги окуучулардын жарымы эгиздер болуп саналат. Эгиздердин айылы деген ат менен белгилүү болгон Шахрабад айылында 240 чамалуу адам жашаса, алардын ичинен 40тайы эгиздер. Бул айылдагы эгиздер бири-бирине абдан окшош болгондуктан, көп учурда аларды алмаштыра беришет. Айылдагы никелердин 50дөй пайызы туугандар арасындагы нике болуп саналгандыктан, эгиздердин көп төрөлүшүнүн…

Прочитайте больше

Кыргызстандагы парламенттик шайлоого ЕККУ менен КМШдан 430га чукул эл аралык байкоочу көз салат

Кыргызстандагы парламенттик шайлоого ЕККУ менен КМШдан 430га чукул эл аралык байкоочу көз салат

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессине жүздөгөн узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү эл аралык байкоочулар көз салат. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (БДИПЧ ОБСЕ – ЕККУ ДИАУБ) менен Көз карандасыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясы (МПА СНГ – КМШ ПАА) Кыргызстанга 430га чукул эл аралык байкоочуларды жөнөтөт. ЕККУ ДИАУБ Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн 24 узак мөөнөттүү жана 350 кыска мөөнөттүү байкоочуларды жөнөтөт. ЕККУ ДИАУБ байкоочулар…

Прочитайте больше