Беларусияда он миндеген адамдар жүрүшкө чыгышты

Беларуссиянын оппозициясы кайрадан ири масштабдагы нааразычылык акциясын өткөрдү.

Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги кабарлады. Беларуссиянын ар кайсы шаарларында жүрүшкө чыккан өкмөткө каршы он миндеген демонстранттар өлкө президенти Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылышты. “The Associated Press” агенттиги маалымдагандай, нааразычылык акциялары Минскиде жана башка ири шаарларда өттү.

Акциянын катышуучуларыны так саны жарыяланган жок, бирок “Весна” укук коргоо уюмунун жетекчиси Алесь Беляцкий Минск шаарында нааразычылык акциясына чыккандардын саны 100 миңден ашарын билдирди. 9-августтагы президенттик шайлоодон кийин башталган Беларуссиядагы нааразычылык акцияларынын жаңы толкунунун катышуучуларынын саны жана акциялардын улануусу мурда болуп көрбөгөндөй болуп жатат.

Беларуссиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Александр Лукашенко шайлоодо жалпы добуштардын 80 пайызын алып, алтынчы жолу президент болуп шайланганын жарыялаган, бирок оппозиция  шайлоо бурмаланган деп эсептейт. ММКлар билдиришинче, нааразычылык акцияларынын алгачкы күндөрүндө 7000дей адам кармалган.

Ишемби күнү баш калаада жүздөгөн студенттер демонстрацияга чыгып, камакка алынган студенттерди бошотууну талап кылышкан. Лукашенконун оппоненттери Беларуссиядагы бийликти өткөрүп берүү боюнча “координациялык кеңеш” түзүшкөн. “Координациялык кеңеш” түзүүнү президенттикке кандидат Светлана Тихановская сунуштаган.

Комментарий жиберүү