Ирандагы эгиздердин айылы

Кимде ким Ирандын Йезд провинциясындагы Шахрабад айылына биринчи жолу барып калса, бул айылдагы көптөгөн эгиздерди көрүп таң калышы мүмкүн.

Бул туурасында “SeeIran” интернет-порталы жазды.

Шахрабад айылындагы “Шахид Рахим Мохаммадзаде” башталгыч мектебиндеги окуучулардын жарымы эгиздер болуп саналат.

Эгиздердин айылы деген ат менен белгилүү болгон Шахрабад айылында 240 чамалуу адам жашаса, алардын ичинен 40тайы эгиздер. Бул айылдагы эгиздер бири-бирине абдан окшош болгондуктан, көп учурда аларды алмаштыра беришет. Айылдагы никелердин 50дөй пайызы туугандар арасындагы нике болуп саналгандыктан, эгиздердин көп төрөлүшүнүн бир себеби болушу мүмкүн.

“Шахид Рахим Мохаммадзаде” башталгыч мектебинин директору бул мектепте окуган окуучулардын жарымы эгиздер экенин айтып, кимдир бирөө бул мектепке биринчи жолу келип калса таң калган абалда калат деп билдирди.

Комментарий жиберүү