Кыргызстандагы парламенттик шайлоого ЕККУ менен КМШдан 430га чукул эл аралык байкоочу көз салат

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессине жүздөгөн узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү эл аралык байкоочулар көз салат.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (БДИПЧ ОБСЕ – ЕККУ ДИАУБ) менен Көз карандасыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясы (МПА СНГ – КМШ ПАА) Кыргызстанга 430га чукул эл аралык байкоочуларды жөнөтөт.

ЕККУ ДИАУБ Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн 24 узак мөөнөттүү жана 350 кыска мөөнөттүү байкоочуларды жөнөтөт. ЕККУ ДИАУБ байкоочулар миссиясынын башчысы Томас Бозеруптун айтымында, пандемияга карабай ЕККУ Кыргызстандагы шайлоону байкоого алууну чечип, эл аралык байкоочулар тобун жөнөтүп жатат. Буга чейин, июль айында, уюмдун атайын серепчилер тобу келип, өлкөдөгү шайлоо алдындагы кырдаалды жана шайлоо кампаниясына даярдык иштерин баалап кетишкен болчу.

Баалоонун жыйынтыгында, серепчилер тобу шайлоо процессинин катышуучуларынын даярдыктары жөнүндө өз отчетун даярдап, шайлоого байкоо салуу жана анын форматы боюнча өз сунуштарын беришкен. Бул ЕККУнун 12-миссиясы болуп эсептелет, муну менен ал Кыргызстандагы демократиялык процесстерди колдоону улантып келет.

Ал эми КМШ ПАА Кыргызстандагы шайлоого 50дөн ашуун узак мөөнөттүү эл аралык байкоочуларды жөнөтөт. КМШ ПААнын Башкы катчысынын орун басары Нурбек Сатвалдиевдин маалыматында, бул миссия КМШ ПААга мүчө мамлекеттердин эл аралык байкоочуларынан куралат. Узак мөөнөттүү мониторингдин алкагында негизинен КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин депутаттарынан турган эл аралык байкоочулар Кыргыз Республикасынын аймактарын кыдырышат, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын иштери менен таанышышат жана саясий партиялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушат.

Ошондой эле, КМШ ПАА байкоочулары Кыргызстандын Санкт-Петербург, Москва, Минск жана Баку шаарларындагы участкалык шайлоо комиссияларынын иштерин да байкоого алышат. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы менен Тышкы иштер министрлиги эл аралык байкоочулардан шайлоо процессине кеңири жана ачык-айкын байкоо салууну күтүшөөрүн билдирүүдө.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. Шайлоого катышуу үчүн 15 саясий партия БШКнын каттоосунан өттү. Талапкер партиялардын үгүт иштери 4-сентябрда башталды.

Комментарий жиберүү