Локман Хаким

Локман Хаким

Пайгамбар же олуя. Давуд алейхиссалам заманында Арабстандын Умман тарабында жашаган. Давуд алейхиссалам менен көрүшүп, андан илим үйрөндү. Давуд алейхиссаламга пайгамбарлык билдирилүүдөн мурда муфтий болгон Локман Хаким Давуд алейхиссаламга пайгамбарлык билдирилгенден кийин фатва берүүнү таштады. Давуд алейхиссаламга үммөт болду. Өзүнө хикмат берилди. Аййуб алейхиссаламдын таежесинин уулу болгондугу да риваят кылынган. Француз окумуштууларынын Галиностун (Галендин) бир аты дагы Локман Хаким болчу деп айтуулары жаңылыш. Себеби, Локман Хаким Давуд алейхиссаламдын заманында, Галинос (Гален) болсо андан миң жылдай кийин…

Прочитайте больше

Россияга кирүүгө бир катар кыргызстандыктарга уруксат берилди. Алар кимдер?

Россияга кирүүгө бир катар кыргызстандыктарга уруксат берилди. Алар кимдер?

Аба каттамдар этап-этабы менен калыбына келтирилип жатат. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифингде билдирди. Анын айтымында, Россия менен сентябрь айында 20 каттам аткарылды. 21-августта 32 өлкөгө Кыргызстан эшигин ачты. “Учурда бир катар жарандарыбызга Россияга кирүүгө уруксат берилди. Алар: Россиянын жарандыгы барлар, Россияда жакын туугандары барларга (баласына, жубайына, ата-энесине барып келүүгө), медициналык жардамга муктаждарга, жакын туугандары каза болсо, бейтапты караган адамдарга, спортчулар. Калган жарандарга кирүүгө уруксат жок, бирок, бул чектөөлөр да жакында алынат”, – деди…

Прочитайте больше

Сауд коалициясынын аба күчтөрүнүн соккуларынан 3400 бала мерт болуп, 3800ү жаракат алган

Сауд коалициясынын аба күчтөрүнүн соккуларынан 3400 бала мерт болуп, 3800ү жаракат алган

Йемендин Адам укуктары боюнча борбору 2015-жылдан бери азыркы учурга чейин сауд коалициясынын Йеменге каршы абадан жасаган соккуларынан 7200дөн ашуун бала набыт болгонун же жаракат алганын билдирди. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Сауд коалициясынын йемендик балдарга каршы кылмыштарын 2015-жылдан бери көзөмөлдөп келген Йемендин Адам укуктары борбору кечээ,  “Кандын түсү жана өлүм жыты бар бала” аттуу биринчи отчетун жарыялады. “Аль-Масира” агенттигинин маалыматы боюнча, аталган борбордун отчетунда айтылгандай, 2015-жылдан 2020-жылга чейин Сауд Аравия баштаган коалиция күчтөрү бутага алган балдардын…

Прочитайте больше

Сауд Аравиянын прокуратурасы Жамал Хашоггинин ишин жапты

Сауд Аравиянын прокуратурасы Жамал Хашоггинин ишин жапты

Сауд Аравиянын Башкы прокурору дүйшөмбү күнү саудиялык журналист Жамал Хашогги боюнча соттолуучулардын акыркы өкүмдөрү чыгып, бул иш жабылганын жарыялады. Бул тууралуу “Mehr News”  агенттиги “Sputnik” агенттигине шилтеме берүү менен кабарларды.Билдирүүгө ылайык, Хашоггинин өлтүрүлүшү боюнча сегиз айыпталуучуга өкүм чыгарылды. Айыпталуучулардын бешөө 20 жылга, үчөөсү 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылды. Сауд Аравиянын прокуратурасы өкүмдөр акыркы жана милдеттүү деп билдирди. Буга чейин Сауд Аравиянын соту Хашоггинин иши боюнча негизги шектүүлөр деп саналган мураскер ханзаада Мухаммед бен Салмандын…

Прочитайте больше

Коронавирустан айыккандар кандай тамактануу керек?

Коронавирустан айыккандар кандай тамактануу керек?

Коронавирустан айыгып чыккандар үй шартында туура тамактануусу зарыл. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамактануу гигиенасы боюнча санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева брифингде билдирди. Анын айтымында, эң биринчи, жарандардын тамактануусунда жашылча-жемиштердин көп болушу. “Күнүнө 500 граммдан кем эмес жашылча-жемиштерди организм кабыл алышы шарт. Андан сырткары, 150 граммга чейинки тамакка кошуучу чөп-чарларды пайдалануу зарыл. Ал инфекциядан жабыркаган организмди эң керектүү витамин жана микроэлементтер менен камсыз кылат. Чөп-чарлардын курамында С витамини дагы бар. С витаминин күнүнө…

Прочитайте больше