Сауд Аравиянын прокуратурасы Жамал Хашоггинин ишин жапты

Сауд Аравиянын Башкы прокурору дүйшөмбү күнү саудиялык журналист Жамал Хашогги боюнча соттолуучулардын акыркы өкүмдөрү чыгып, бул иш жабылганын жарыялады.

Бул тууралуу “Mehr News”  агенттиги “Sputnik” агенттигине шилтеме берүү менен кабарларды.
Билдирүүгө ылайык, Хашоггинин өлтүрүлүшү боюнча сегиз айыпталуучуга өкүм чыгарылды. Айыпталуучулардын бешөө 20 жылга, үчөөсү 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Сауд Аравиянын прокуратурасы өкүмдөр акыркы жана милдеттүү деп билдирди. Буга чейин Сауд Аравиянын соту Хашоггинин иши боюнча негизги шектүүлөр деп саналган мураскер ханзаада Мухаммед бен Салмандын аткаминерлерин жана жакындарын актаган. Сауд Аравиянын башкы прокурору мураскер ханзааданын кеңешчиси Сауд аль-Кахтаниге эч кандай айып коюлган жок деп ырастаган.

Сауд Аравиянын мурдагы чалгындоо кызматынын башчысы Ахмед ал-Ассири дагы жетиштүү далилдердин жоктугунан улам акталган. Мындаш тышкары, Сауд Аравиянын Стамбулдагы башкы консулу Мохаммед ал-Отайби дагы Хашогги өлтүрүлгөн учурда консулдуктан башка жерде болгонун тастыктаган.

“Washington Post” гезитинин колумнисти жана Сауд Аравия бийлигин ачык сындаган журналист Жамал Хашогги 2018-жылдын 2-октябрында Түркиядагы Сауд Аравиянын консулдугунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.

Комментарий жиберүү