Сауд коалициясынын аба күчтөрүнүн соккуларынан 3400 бала мерт болуп, 3800ү жаракат алган

Йемендин Адам укуктары боюнча борбору 2015-жылдан бери азыркы учурга чейин сауд коалициясынын Йеменге каршы абадан жасаган соккуларынан 7200дөн ашуун бала набыт болгонун же жаракат алганын билдирди.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Сауд коалициясынын йемендик балдарга каршы кылмыштарын 2015-жылдан бери көзөмөлдөп келген Йемендин Адам укуктары борбору кечээ,  “Кандын түсү жана өлүм жыты бар бала” аттуу биринчи отчетун жарыялады. “Аль-Масира” агенттигинин маалыматы боюнча, аталган борбордун отчетунда айтылгандай, 2015-жылдан 2020-жылга чейин Сауд Аравия баштаган коалиция күчтөрү бутага алган балдардын саны 7200дөн ашып, алардын ичинен 3468 бала аба соккуларынан мерт болуп, 3804 бала жаракат алган.

Билдирүүгө ылайык, йемендик балдардын 91%ы сауд коалициясынын абадан жасаган соккуларынын курмандыгы болушкан. Адам укуктары боюнча борбор ошондой эле йемендик балдар ар кандай ооруларга дуушар болуп жаткандыгын, анткени медициналык жана тамактануу боюнча кызматтар кыскарганын жарыялады. Өткөн жылдын июнь айында Йемендин Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий статистикасында сауд коалициясы Йеменди курчоого алгандыгына байланыштуу балдар арасында өлүм-житим көп экендигин маалымдалган.

Йемендин Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий өкүлү өлкөдө ар бир беш мүнөт сайын бир йемендик бала начар тамактануудан жана жугуштуу оорулардан улам көз жумарын жарыялаган.

Комментарий жиберүү