Японияда коронавирусту өлтүрүүчү робот жасалды

Японияда коронавирусту өлтүрүүчү робот жасалды

Япониялык изилдөөчүлөр коронавирусту күчтүү ультрафиолет нурлары менен өлтүрүүчү жаңы робот  ойлоп табышты. Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады. Япониянын NHK телеканалы маалымдагандай, робот  Токиодогу Нихон университетинин алдындагы Итабаси ооруканасынын окумуштуулар компаниясы тарабынан жасалды. Автоматтык түрдө кыймылдаган роботтун сегиз лампасы бар. Ал бөлмөлөрдөгү вируска булганган бардык буюмдарга, полдорго жана дубалдарга күчтүү ультрафиолет нурларын чыгарат.  Роботтун үстүнөн иштеген изилдөөчүлөрдүн бири Аида Йоконун айтымында, мындай роботту бөлмөдө адамдар жок болгон шартта, алыстан гана колдонууга болот, анткени ультрафиолет нурлары адамдар үчүн зыяндуу….

Прочитайте больше

Өзбекстан алтын сатуу боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты

Өзбекстан алтын сатуу боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты

Өзбекстан 11 тоннадан ашык алтын экспорттоп, дүйнөдөгү эң ири алтын сатуучуга айланды. «Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Тажикстандын «Хорасан үнү» радиосу Бүткүл дүйнөлүк алтын кеңеши (World Gold Council) Өзбекстан июнь айында 11,6 тонна алтын сатканын жана быйылкы жылдын биринчи чейрегинде алтын сатуу боюнча дүйнөдө лидер болгонун билдирди.Өзбекстандан кийин экинчи орунда Монголия, Орусия менен Германия үчүнчү орунду ээлешти.Ал эми Түркия 19,4 тонна алтын сатып алуу менен алтын импорту боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат.Ошондой эле, алтын импорту боюнча Катар,…

Прочитайте больше

Мьянма армиясынын эки аскери рохинжа-мусулмандарын өлтүргөнүн моюнга алды

Мьянма армиясынын эки аскери рохинжа-мусулмандарын өлтүргөнүн моюнга алды

Мьянма армиясынын эки аскери рохинжа-мусулмандарын массалык түрдө өлтүрүп, аларды өлүм жазасына тартып, массалык түрдө көмүп, алар жашаган айылдардагы кылмыш издерин тазалап, зордуктоолор болгонун моюнга алышты. Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги кабарлады. Мьянма армиясынын аскеринин бири Муо Вин Тун 2017-жылдын августунда алар көргөн же уккан ар бир рохинжа-мусулмандарын атып салуу буйругун алышканын видео аркылуу моюнга алды. Шейшемби күнү “The New York Times” басылмасы тарабынан жарыяланган дагы бир видеодо Муо Вин Тун 30 мусулманды өлтүрүп, аларды аскер базасынын жанына…

Прочитайте больше

Ооганстандын вице-президентине кол салуу болду

Ооганстандын вице-президентине кол салуу болду

Бүгүн эртен менен Кабулда Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салехтин өмүрүнө кол салуу аракети жасалды. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “Tasnim News”агенттигине шилтеме берип  кабарлады. Ооганстандын коопсуздук боюнча расмий адамдары вице-президенттин кортежи өтүп бара жатканда жолдо токтоп турган унаа жардырылганын маалымдашты. Саламаттыкты сактоо министрлиги жаракат алган төрт адам ооруканага жеткирилип, коопсуздук күчтөрү жарылуу болгон аймакты курчоого алганын билдирди.  Ооган вице-президентинин кеңсесинин расмий өкүлү Резван Мурад жардыруунун максаты – Амрулла Салехти өлтүрүү болгонун, бирок бул кол салууда Амрулла Салех жабыркаган жок…

Прочитайте больше