Мьянма армиясынын эки аскери рохинжа-мусулмандарын өлтүргөнүн моюнга алды

Мьянма армиясынын эки аскери рохинжа-мусулмандарын массалык түрдө өлтүрүп, аларды өлүм жазасына тартып, массалык түрдө көмүп, алар жашаган айылдардагы кылмыш издерин тазалап, зордуктоолор болгонун моюнга алышты.

Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги кабарлады.

Мьянма армиясынын аскеринин бири Муо Вин Тун 2017-жылдын августунда алар көргөн же уккан ар бир рохинжа-мусулмандарын атып салуу буйругун алышканын видео аркылуу моюнга алды. Шейшемби күнү “The New York Times” басылмасы тарабынан жарыяланган дагы бир видеодо Муо Вин Тун 30 мусулманды өлтүрүп, аларды аскер базасынын жанына массалык түрдө көмүүгө катышканын моюнга алат.

Мындан тышкары, Мьянма армиясынын аскерлеринин дагы бири Жао Найнг Тун рохинжа-мусулмандарына каршы ар кандай кылмыштарды жасагандыгын мойнуна алып, өзү жана армиядагы достору рохинжа-мусулмандарын бала болобу, чоң адам болобу өлтүрүү буйругун алышканын билдирди. Мьянма армиясынын бул эки аскери биринчи жолу рохинжа-мусулмандарына каршы жасаган кылмыштарын ачык мойнуна алышты.

Өткөн айда Мьянмадан качып кеткен бул эки аскер 7-сентябрда Мьянма армиясынын рохинжа-мусулман азчылыгына каршы  жасаган кылмыштарын иликтөө үчүн Нидерландынын Гаага шаарына жеткирилген.

Комментарий жиберүү