Ооганстандын вице-президентине кол салуу болду

Бүгүн эртен менен Кабулда Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салехтин өмүрүнө кол салуу аракети жасалды.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “Tasnim News”агенттигине шилтеме берип  кабарлады. Ооганстандын коопсуздук боюнча расмий адамдары вице-президенттин кортежи өтүп бара жатканда жолдо токтоп турган унаа жардырылганын маалымдашты. Саламаттыкты сактоо министрлиги жаракат алган төрт адам ооруканага жеткирилип, коопсуздук күчтөрү жарылуу болгон аймакты курчоого алганын билдирди. 

Ооган вице-президентинин кеңсесинин расмий өкүлү Резван Мурад жардыруунун максаты – Амрулла Салехти өлтүрүү болгонун, бирок бул кол салууда Амрулла Салех жабыркаган жок деп билдирди. Анын айтымында, жардыруудан Салехтин үч жан сакчысы жаракат алышты. Ички иштер министрликтин басма сөз катчысы Тарик Ариан алдын ала маалыматтар боюнча окуядан эки адам мерт болуп, 12си жаракат алганын, кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала электигин билдирди.

Былтыр август айында дагы Ооганстанда президенттик шайлоо жүрүп жатканда Амрулла Салехтин кеңсесинде автоунаа жарылып, кеминде 20 адам каза болуп, 25и жаракат алган.

Комментарий жиберүү