Японияда коронавирусту өлтүрүүчү робот жасалды

Япониялык изилдөөчүлөр коронавирусту күчтүү ультрафиолет нурлары менен өлтүрүүчү жаңы робот  ойлоп табышты.

Бул тууралуу “IRNA” агенттиги кабарлады. Япониянын NHK телеканалы маалымдагандай, робот  Токиодогу Нихон университетинин алдындагы Итабаси ооруканасынын окумуштуулар компаниясы тарабынан жасалды.

Автоматтык түрдө кыймылдаган роботтун сегиз лампасы бар. Ал бөлмөлөрдөгү вируска булганган бардык буюмдарга, полдорго жана дубалдарга күчтүү ультрафиолет нурларын чыгарат.  Роботтун үстүнөн иштеген изилдөөчүлөрдүн бири Аида Йоконун айтымында, мындай роботту бөлмөдө адамдар жок болгон шартта, алыстан гана колдонууга болот, анткени ультрафиолет нурлары адамдар үчүн зыяндуу.

Бул роботту түнкүсүн иштетсе болот. Аны көп адамдар топтолгон жерлерде колдонуу пайдалуу болот. Робот учурда  Нихон университетинин алдындагы Итабаси ооруканасында колдонулуп жатат. Айрым соода борборлору жана башка объектилер дагы жакынкы арада мындай роботту алууга кызыкдар экендигин билдиришүүдө.

Комментарий жиберүү