Өзбекстан алтын сатуу боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыкты

Өзбекстан 11 тоннадан ашык алтын экспорттоп, дүйнөдөгү эң ири алтын сатуучуга айланды.

«Parstoday» агенттигинин маалыматына ылайык, Тажикстандын «Хорасан үнү» радиосу Бүткүл дүйнөлүк алтын кеңеши (World Gold Council) Өзбекстан июнь айында 11,6 тонна алтын сатканын жана быйылкы жылдын биринчи чейрегинде алтын сатуу боюнча дүйнөдө лидер болгонун билдирди.
Өзбекстандан кийин экинчи орунда Монголия, Орусия менен Германия үчүнчү орунду ээлешти.
Ал эми Түркия 19,4 тонна алтын сатып алуу менен алтын импорту боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат.
Ошондой эле, алтын импорту боюнча Катар, Индия, Казакстан жана Украина Түркиядан кийинки орундарда турушат.
Бүткүл дүйнөлүк алтын кеңешинин маалыматына ылайык, дүйнөлүк алтын базарында 1 грамм алтын орто эсеп менен 58 доллардан сатылууда.

Комментарий жиберүү