Бейрут портунда кайрадан ири өрт чыкты

Бүгүн Ливандын борбору Бейрут портунда жаңы ири өрт чыкты. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “Аль-Арабия” телеканалына шилтеме берип кабарлады.

Маалыматка караганда, өрт порт аймагында жайгашкан мунай заттары, унаа дөңгөлөктөрү, күйүүчү май жана унаа майлары сакталган кампадан башталган. Окуя болгон жерге бир нече өрт өчүрүүчүлөр тобу келип, өрттү өчүрүүгө аракет кылышкан. Өрт Бейрут портунун эркин соода аймагында чыккандыгы айтылууда.

4-августта Бейрут портунда катуу жарылуу болгон. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, 2014-жылы бажы кызматтары тарабынан конфискацияланган жана кампада туура эмес сакталган 2750 тонна аммиак селитрасы жарылган. Акыркы маалыматтар боюнча окуядан 190 адам каза болуп, 6000ден ашууну  жаракат алган. Жарылуунун толкуну жүздөгөн үйлөрдү, унааларды талкалап, зыянга учураткан.

Комментарий жиберүү