Орусия Ош шаарына 10 миңден ашык даана окуу китеп берди

Орусия Кыргызстандын Ош шаарындагы орус тилдүү мектептерге 10 миңден ашуун даана окуу китептерин берди.

Аларды Орусиянын Ош шаарындагы консулу Роман Свистин тапшырды.

Окуу куралдар негизинен 10-11-класстардын химия жана физика сабактары үчүн колдонмо. Китептер 2020-жылы басылып чыгарылган.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси Абдыкалык Акжоловдун айтымында, Орусиядан алынган бул окуу китептеринин Кыргызстандын мектеп окуучуларынын билим сапатын жакшыртууга жардамы тийет. Анткени, акыркы эки жылда Ош шаарынын мектептеринин бүтүрүүчүлөрү Орусияын ар кайсы шаарларынын Жогорку окуу жайларына тапшырып, билим алып жатышат. “Ошондуктан бул басымалардын экзамен тапшырууда, олимпиадаларга даярданууга пайдасы чоң”,- дейт А. Акжолов.

Консул Роман Свистин белгилегендей, 10 600 даана окуу куралдардын жалпы суммасы 4 млн. рублдан ашык. Бул каражаттарды Орусиянын Свердлов облусу бөлгөн.

Көп этностуу Ош шаарында кыргыз, орус жана өзбек тилдүү жалпы 56 мектеп болсо, анын 15и орус тилдүүлөр. Ал эми бардык мектептердеги окуучулар китеп менен 70 пайыз камсыздалган.

Комментарий жиберүү