Сирияда ИШИМдин тажик лидери Халимовдун өлүмү тастыкт алды

Тажикстандын Ички иштер министри Рамазан Рахимзаде ИШИМ экстремисттик тобуна кошулуп кеткен мурдагы тажик полковниги Гулмурод Халимовдун Сирияда набыт болгондугун тастыктады.

Бул тууралуу “Pars Today” агенттиги кабарлады.

“Fars News” агенттиги маалымдагандай, Рахимзаденин айтымында, “Аль-Таджики” деген каймана ат менен белгилүү болгон Халимов Сирияда абадан жасалган соккудан набыт болгон. Ал Халимов качан өлтүрүлгөндүгүн айткан жок. Буга чейин Халимовдун жаракат алгандыгы же өлтүрүлгөндүгү жөнүндө бир нече жолу маалыматтар айтылып келген. Бирок ИШИМ террордук  уюмунун тарапкерлери анын сүрөттөрү менен видеолорун интернетке жарыялашып, анын өлүмүн бир канча жолу четке кагышкан.

Ирактын чалгындоо булактарынын айтымында, Халимов буга чейин америкалык “Blackwater” деп аталган жеке коопсуздук компаниясынан окуудан өткөн. Ал 2015-жылы апрелде ИШИМ террордук тобуна кошулуп кеткен.  Ошол кезде тажик өкмөтү аны чыккынчылык кылган жана чет өлкөлүк согуштук аракеттерге жана аскердик ишмердүүлүктөргө мыйзамсыз катышкан деп айыптаган.

Комментарий жиберүү