ДССУ: Коронавирус пандемиясы 2 жылдын ичинде көзөмөлгө алынышы мүмкүн

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясы качан бүтөрүн аныктоо мүмкүн эместигин, бирок жакынкы эки жылда көзөмөлгө алынат деп болжолдоду.

Бул тууралуу ДССУнун басма сөз кызматынан маалымдашканын “Fars News” агенттиги кабарлады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму адамзат коронавирус инфекциясын глобалдык аракеттер жана заманбап технологияларды колдонуу менен эки жылдын ичинде көзөмөлгө ала алат деп эсептейт.

Аталган уюм белгилегендей, өлкөлөр төрт артыкчылыкка көңүл буруусу керек: массалык иш-чаралардын алдын алуу, адамдар өзүн коргой ала турган шаттарды түзүү, негизги медициналык кызматтарды колдоо жана калктын аялуу катмарын коргоо.

2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытай бийлиги Хубей провинциясынын Ухань шаарында теги белгисиз пневмония чыкканын билдирген. Эксперттер алдын ала оорунун козгогучу коронавирустун жаңы түрү – 2019-nCoV (кийинчерээк SARS-CoV-2 деп аташкан) экенин аныкташкан. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2020-жылдын 11-мартында COVID-19 коронавирус пандемиясын жарыялаган.

Комментарий жиберүү