Иорданияда үрөй учурган жарылуу болду

Иорданиянын маалымат булактары Эз-Зарка провинциясындагы аскердик базалардын биринде үрөй учурган жарылуу болгонун кабарлашты.

«Tasnim News» агенттиги “Al Jazeera” телеканалынын маалыматына шилтеме кылып, бүгүн, жума күнү эртең менен Иорданиянын Аз-Зарка провинциясында катуу жарылуу болгонун маалымдады.
Иордания өкмөтүнүн берген маалыматына караганда, жарылуу Аз-Зарка провинциясындагы Аль-Габави районундагы өлкө армиясынын аскердик базаларынын биринде болгон.
Иорданиянын маалымат булактары жарылууга ок-дарылар сакталган жерде бомбанын жарылышы себеп болгонун билдиришти.
Иордания армиясы Аль-Габави районундагы жарылууда курмандыктар болгон жок деп билдирди.
Бирок, ошол эле учурда, Иорданиянын айрым маалымат булактары жарылуудан эки адам каза болуп, үч адам жаракат алган деп маалымдашты.

Комментарий жиберүү