Кыргызстанда авиа каттамдар жандана баштады

«Манас» Эл аралык аэропорту өлкө түштүгүндөгү Жалал-Абад жана Баткен облусттарына ички каттамдарды жандандырууну пландаштырып жатат.

Каттамдар “Тез Джет” авиакомпаниясы тарабынан жүргүзүлөт.

Бишкек-Баткен-Бишкек багыты боюнча каттамды 15-сентябрдан баштап, жумасына бир жолу – шейшемби күнү ишке ашыруу пландалууда.

Ал эми Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча каттам 18-сентябрдан баштап, жумасына бир жолу – жума күнү уча турган болууда.

Кыргызстан карантиндик чектөөлөрдөн кийин Бишкек-Ош-Бишкек шаарларына авиакаттамдарды жандандырган. Эми чет мамлекеттер менен да каттамдарды калыбына келтирүү аракетин көрүүдө.

Алгачкылардан болуп, Казакстандын ортосунда туруктуу авиакаттамды кайрадан калыбына келтирүү маселеси чечилди. Учактар алгач жумасына эки жолу 17-сентябрда каттай баштайт. Сентябрдын экинчи жарымында Өзбекстанга да учактар туруктуу негизде каттай баштамак болду.   

Комментарий жиберүү