Алайдагы саймалуу таштар жоголуп кетүү коркунучуна кептелгенин түркиялык жаран айтып чыкты

Кыргызстанда жашап, иштеген сүрөтчү Зафер Динжер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына өлкө түштүгүндөгу Алай районунун Калдырама тоосунун айланасындагы саймалуу таштар жоголуп кетүү коркунучунда турганын жарыялады.

Ал жарыялаган, жергиликтүү жарандардын айткандары тартылган видеодо, саймалуу таштар, көмүргө салган жолдун айынан сынып, талкаланып бара жатканы тууралуу айтылган маалыматтарды угууга болот.

“Ошол жактагы жаңы көмүр карьери 2-3 күн мурун иштеп баштаптыр. Эгерде техникалар ишин уланта берсе, бир жумада бул кооздугу укмуш болгон жерден айрылып калабыз. 3-4 миң жылдан бери тынч-аман сакталып келе жаткан бул маданий байлык жакында жоголуп кетиши толук ыктымал”,- деп жазды.

Алар тарыхий саймалуу таш – таш бетине тартылган түрдүү сүрөттөр. Кыргызстанда мындай аймактар көп. Алардын бири ошол Алай районунда жайгашкан.

Комментарий жиберүү